Биз менен байланышыңыз

Кандай адам муфтий болушу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2021 | 1044 | 0

Муфтий Кыргыз Республикасынын жараны, диний жана светтик билимге ээ болушу, мамлекеттик мыйзамдарды тиешелүү деңгээлде билиши, араб жана кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышы зарыл. Буга кошумча Ханафий мазхабын, Матуридий акыйдасын карманган, тийиштүү органдар менен иштеше билген адам болушу шарт. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, муфтийлик кызматка 8 талапкер арызын тапшырган. Алдыда талапкерлер платформасы менен тааныштырып, атайын сынак жана маектешүүдөн өтөт.

Муфтийликке талапкерлерден күрөө талап кылынбайт. Алар соттуулугу жок, саясий партияларга мүчө болбошу керек. Анткени, бул — саясий макам эмес. Муфтий дин саясатын алгылыктуу ишке ашырат.

«Илимдүү, адептүү, менеджер, диний чөйрөлөр менен иштеше билген адам муфтий болушу зарыл. Талапкерден сынак алып жатканда ал кайсы мазхабда экенин далилдейт», — дейт Ибраев.

Маалыматка караганда, Аалымдар кеңеши жаңыланат. Ал үчүн 75 адам арыз тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM