Биз менен байланышыңыз

«Диний багытта сыртта билим алгандардын так саны жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2021 | 729 | 0

Диний багытта сырттан билим алгандардын так саны жок. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү, теология илимдеринин доктору Марс Ибраев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, диний багытта билим алуучулар бир жерден кетпейт. Айрымдар Муфтият аркылуу, башкалар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жиберилет. Алардын санын тактоо үчүн атайын комиссия түзүп, көзөмөлгө алуу керек. Бул Муфтият менен Дин комиссиясынан компетенциясындагы иш болушу зарыл.

«Статистикалар алынбаса, сыртка чыкканда кооптуу жагдайлар болушу мүмкүн. Сырттан келгендер да бир эшиктен киришин каалайбыз. Ишеним жагдайлары да маанилүү«, — дейт Ибраев.

Ал белгилегендей, Египет, Араб мамлекеттеринде 400гө чукул, Иорданияда 100дөй, Сауд Аравияда ондогон, Пакистанда 10дой студент билим алууда. Мындан башка өлкөлөрдө билим алгандар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM