Биз менен байланышыңыз

«Орозо — таңдан кечке ачка жүрүү эмес, напсини тыюу»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 1771 | 0

Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев «Марал» радиосуна берген маегинде Рамазанды коркуу сезими менен кабыл алуу туура эмес экенин билдирди.

«Жаш балдарды акырындык менен көндүрүп, орозо карматкан жакшы. Аларды дароо чочутуп албоо зарыл. Орозодо ооз ачтырып, башкаларга тамак берүү бир кулду азаттыкка чыгаруу менен барабар. Ооз ачтырууда ысыраптан сактанып, мүмкүнчүлүгүнө жараша дасторкон жаюу зарыл. Канчалаган адам орозо кармайт, бирок жаман адаттардан тыйылбагандыктан, ачкалыктан башка пайдасы тийбейт. Бардык амалдар Аллахтын ыраазычылыгы үчүн болушу кажет. Эл көрсүн дегенден алыс болуу зарыл», — дейт Ибраев.

Анын айтымында, орозо кармоо таңдан кечке ачка жүрүү эмес, напси каалаган нерселерден тыйылуу.

«Орозо адам кулакты ушак-айыңдан, тилди жаман сөздөн тыйса… Оозун ачкан соң мурдагы жаман адаттарды улантуу дурус эмес. Мындай адамдын кармаган орозосу кабыл болбой калуу коркунучу бар. Рамазанда шайтандар чынжырланат, демек адам напсиси менен калат. Мындайда жакшы амалдарды кылып, тууган-уруктарга барып, колунда жоктор менен бирге ооз ачкан жакшы. Мындан сырткары, Куран окуп, жакшылыктын түрүн көбөйтүп, кечиримдүү болуу керек», — дейт Ибраев.

Ал кошумчалагандай, үйрөнүү максатында ооз ачуу дубасын кайталап айтуу менен орозо бузулбайт. Андыктан, дубаны жаттоого болот.

Copyright © 2017 Maral FM