Биз менен байланышыңыз

«Орозо кармаган адам башкаларга милдет кылбашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 4885 | 0

Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев «Марал» радиосуна берген маегинде саатка карап ооз бекитүү жана ачуу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, айрымдар азанга карап ооз бекитет. Бирок, азанчы кээде кечигип калышы мүмкүн.

Талаа жумуштары, курулушта иштөө орозо кармабай коюга тоскоолдук эмес.

«Саарлыкты жокко чыгарып, кечинде жеген тамактарым жетиштүү деген дурус эмес. Эртең менен жок дегенде суу же сүт ичип, ооз бекитүү зарыл. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) саарлыкта береке бар экенин айткан. Ал эми кечинде оозду курма жана суу менен ачуу сунушталат. Ооз ачарда тамакты көп жебеш керек. Адам ашыкча тоюп алганда, организм кыйналат. Ал эми алыс сапарга чыккандар, дарыланып жаткандар шарт болгондо орозо кармайт. Каза орозолорду мүмкүн болсо эрте кармоо зарыл. Кийинки Рамазанга чейин жетем деп эч ким кепилдик бере албайт», — дейт Ибраев.

Ал белгилегендей, орозо кармаган адам башкаларга милдет кылбашы керек.

«Орозодо уйку менен өткөрбөңүздөр. Бул күндөрдү пайдалуу иштер менен өткөрүү зарыл. Рамазанда Аллахтан кечирим сурап, садага берүү, ооз ачар уюштуруу, муктажга жардам берүү күнөөлөрдү кечирүүгө себепчи болот. Бул айда боорукерликти, кайрымдуулукту көбөйтүү кажет. Өзүм гана орозо кармап жатам деп, өз алдынча болуп кетпей, башка коомго аралашып, адамдардын көңүлүнөн түнөк табуу маанилүү», — дейт Ибраев.

Copyright © 2017 Maral FM