Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тыюу салынган диний-экстремистик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 421 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 6 дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жалпысынан «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар, дисктер, телефондор, симкарталар, ноутбук ж.б тиешелүү документи жок колдонмо куралдар табылды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

Кармалган жарандар Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM