Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 385 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо тутумундагы программаларды ишке ашыруу маселелери боюнча өкүлчүлүгү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгү Кыргыз Өкмөтү тарабынан кабыл алынган «2030-жылга чейин калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү» программасы тууралуу маалымдады. Ал ошондой эле, дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзам кабыл алынгандыгын билдирди.

Алтынай Өмүрбекова балдардын онкологиялык ооруларын эрте аныктоо жана алдын алуу маселелерине токтолуп, бул жаатта, анын ичинде дарылоо протоколдорун пайдалануу боюнча бир катар көйгөйлүү учурларды белгиледи.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мүчөсү Люсиан Ликаринин айтымында, реформага муктаж бир катар көйгөйлүү жагдайлар али да бар. Ошондой эле, ал сергек жашоо принциптери жана анын ден соолук үчүн маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымдоонун зарылдыгын баса көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Алтынай Өмүрбекова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар өлкөнүн саламаттык сактоо тутумун жакшыртууга багытталган бардык программаларды ишке ашырууда активдүү кызматташарын кошумчалашты.

Copyright © 2017 Maral FM