Биз менен байланышыңыз

Турдакун Усубалиевдин ысымын ЖОЖдордун бирине ыйгаруу сунушталды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 468 | 0

Депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине ыйгарууну сунуштады.

Анын айтымында, Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комитет түзүлгөн.

«Усубалиев Кыргызстанды башкарган жылдар жемиштүү болгон. Бул — анын зор эмгеги. 24 жылда ички дүң өнүм өсүп, Бишкекте ЭВМ, Ош шаарында пахтадан кездеме токуучу комбинат, Токмок шаарында айнек заводу ачылган. Эл аралык «Манас» аэропорту ишке кирген. Көптөгөн ГЭСтер курулуп, Кыргызстандын энергетикасынын пайдубалы түптөлгөн», — дейт депутат Пархат Тулендыбаев.

Мындан сырткары, депутат эски Фрунзе шаарынын символу болуп калган көптөгөн курулуштардын тургузулушунда Усубалиевдин эмгеги зор экенин кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM