Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: 5 айда бюджетке 9 млрд сом кыйыр салык түштү

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 620 | 0

Салык кызматы акыркы 5 айда республикалык бюджетке 9 млрд 166,1 млн сом кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды. Анын ичинен импортко 6 млрд 536,4 млн сом, импортко акциз 2 млрд 529,8 млн сом. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды мониторингдөө, каттоо жана издөө башкармалыгынын жетекчиси Чынара Мамырбаева билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-январынан 10-июнуна чейин транспорттук көзөмөлдөөнүн жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары аркылуу автоунаа менен киргизилген товарлар боюнча 45 миң 384 коштоочу документ толтурулган.

Аймактык салык органдары тарабынан коштомо кагаздардын реестрлери боюнча маалыматтарды тескеп-башкаруунун жүрүшүндө жалпы республика боюнча 111 субъектте 71,6 млн сом суммасында импортко КНС кошумча эсептелген, анын ичинен бюджетке 11,1 млн сом өндүрүлгөн.

Ушул жылдын 5 айынын ичинде Кыргызстандын аймагына ЕАЭБдин аймагынан эл керектөөчү ар кандай категориядагы товарларды импорттогон ишкердик субъекттер тарабынан салык мыйзамдарын бузуунун 9 фактысы боюнча, анын ичинде пиломатериалдарды, күйүүчү майларды, тамеки буюмдарын, башка эл керектөөчү товарларды ташып келүү фактылары боюнча 65 млн сом суммасында салыктар бюджетке кошумча эсептелген.

Бүгүнкү күндө товарлардын ар кандай түрлөрүн импорттоо менен алектенген башка ишкердик субъекттер боюнча изилдөө иштери улантылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM