Биз менен байланышыңыз

Индия: Энцефалит илдетинен 128 бала каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 627 | 0

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатынын Музаффарпур аймагында энцефалит илдетинен каза болгон балдардын саны 128ге жетти. Бул тууралуу IANS маалымат агенттиги жазды.

Буга чейин аталган оорудан 110 бала каза болгондугу айтылган болчу.

Маалыматка караганда, учурда дагы 450 бала ооруканада дарыланып жатат. Энцефалит илдетинин келип чыгуусунун негизи себеби катары күндүн катуу ысышы жана ашыкча нымдуулук деп айтылууда.

Кошумчалай кетсек, энцефалит — мээнин сезгенүүсүнөн пайда болгон илдет.

Эске салсак, Бихар штатында бир нече жумадан бери абанын температурасы 40 градустан түшпөй келет. Ысык аптаптын айынан 70тен ашык чоң киши каза болгон. Индиянын борбору Нью-Делиде 17-июнь күнү абанын температурасы 50,8 градуска чейин көтөрүлүп, Индия тарыхындагы эң жогорку температураны көрсөткөн. Синоптиктердин айтымында, мындай жогорку температура дагы бир канча убакытка созулушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM