Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 401 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кытай окумуштууларына Кытайдын архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деп аракеттенүүңүздөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары да биздин окумуштуулар сиздердин институт менен натыйжалуу иштей берүүсүнө тилектешмин. Мамлекет бул багытта бардык колдоосун көрсөтө берет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кытайлык окумуштуулар Президент Сооронбай Жээнбековго кыргыздардын тарыхы боюнча чыгарган китебин белекке беришти. Мамлекет башчысы жолугушууга келген окумуштууларга символикалуу белектерди тапшырды.

Эске салсак, 2018-жылы июнь айында президенттин Кытайга жасаган мамлекеттик визитинин алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча талкуулашкан болчу.

Кыяс Молдокасымов ушул жылы Бээжинге барып, Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында жаңы табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылган жана Манжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышкан.

Copyright © 2017 Maral FM