Биз менен байланышыңыз

Жапония: Балдарды күч колдонуп тарбиялоого тыюу салган мыйзам кабыл алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 695 | 0

Бүгүн, 19-июнда Жапон бийлиги тарабынан «Балдарды тарбиялоодо физикалык күч колдонууга тыюу салуу боюнча» мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу «The Mainichi» жапон басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жапон кызы ата-энесинин катаал тарбиясы боюнча тиешелүү тараптарга даттанып, аны текшерүүгө барган учурда үйүнөн жансыз денеси табылган. Мындан улам аталган мыйзамды кабыл алышкан. Жапон бийлиги муну менен эле чектелип калбай, балдарды моралдык жактан басмырлоого байланыштуу башка да жаңы мыйзамдарды кабыл алышарын айтат. Андан тышкары, балдар укуктары боюнча иш алып барган социалдык коргоо кызматтарында өспүрүмдөрдүн ата-энеси менен иштешүү бөлүмдөрү ачылат.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча балдарга күч колдонуп тарбиялоого тыюу салынган. Бирок күч колдонгон ата-энелерге жаза берүү жагы каралган эмес. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик жана балдарды коргоо борборлору күч колдонуунун алдын алып, же катаал мамиле жасаган ата-энелер менен өз алдынча сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш. Айрыкча, алар мындай абалда окуяга активдүү аралашып, медициналык, психологиялык экспертизанын негизинде кеңештерин бере алышат.

Бул жарлык 2020-жылдын 1-апрелинен тартып ишке кирет.

Copyright © 2017 Maral FM