Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарында картошка өндүрүү боюнча семинар өттү

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 446 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында картошка өндүрүү жана сатуудагы талаптарга ылайык фитосанитардык лабораториядан сертификат алуу, документтерди толук даярдоо жөнүндө семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага айыл чарба министрлигинин жетекчилери, айыл чарба адистери, Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, райондун акимдери, райондордогу агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана дыйкандар катышты.

Семинардын жүрүшүндө картошка өстүрүү, жер семирткичтерди туура колдонуу, өсүмдүк илдетинен коргонуу, картошканын үрөнүн жаңылоо, фитосанитардык лабораториядан сертификаттарды алуу жана сатууга коюлган талаптарды аткаруу жөнүндө түшүндүрмө берилип, видеороликтер көрсөтүлдү.

Ошондой эле, «Пикассо» компаниясы 1 суткада 10 тонна картошканын топурагын жууган техникасын алып келип иш жүзүндө көрсөттү. 

Семинардын жүрүшүндө министрлик тарабынан дыйкандарга жыйнаган картошкасын 1 кампага чогултуп, көлөмүн 1000-2000 тоннага чейин көбөйтүп, фитосанитардык лабораториядан документтерди толуктап сатуу кирешелүү болору сунушталды. 

Семинардын жыйынтыгында, дыйкандар картошканы экспорттоо боюнча суроолорду узатып, адистерден жеткиликтүү жоопторду алышты.

Copyright © 2017 Maral FM