Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл күчөйт

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 619 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл тутумун жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда премьер-министр ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу маанилүү жана актуалдуу болуп саналарын айтты.

Өкмөт башчы эске салгандай, жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу жана жабдуу, учурда иштеп жаткандарын талапка ылайык келтирүү, ошондой эле эпизоотикага каршы чараларды ишке ашырууга быйылкы жылы 130 млн сом бөлүнгөн.

«Бул мал азыктарынын сапатын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында камсыздоо, аларды ЕАЭБдин талаптарына дал келтирүү үчүн зарыл. Бардык эпизоотикага каршы иш-чараларды жана алдын алуу чараларын жүргүзүүгө тең салмактуу жана сапаттуу мамиле жасалышы керек. Өкмөт санариптештирүүнү көңүл чордонуна коюп жаткандыктан, электрондук ветеринарияны киргизүү күч-аракеттерин активдештирүү зарыл. Бул ички рыноктун талаптарына жооп берет жана экспорттук потенциалды бекемдөө кызыкчылыктарында кызмат өтөйт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM