Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Ачык маалыматтар -санариптик трансформация үчүн негизги пайдубалдардын бири

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 521 | 0

Ачык маалыматтар Өкмөттүн социалдык-экономикалык саясатын ийгиликтүү ишке ашырууну шарттайт. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев DataCon Central Asia 2019 конференциясында билдирди.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт «ачык маалыматтар» концепциясын ишке ашырууга бардык күчү менен көмөктөшөт, ал ийгиликтүү санариптик трансформация үчүн негизги пайдубалдардын бири.

«Ачык маалыматтар» концепциясы мыйзамда бекитилген, ал эми ачык маалыматтар инфратүзүмү – бул электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү. Ачык маалыматтар Өкмөттүн социалдык-экономикалык саясатын ийгиликтүү ишке ашырат жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү маалыматтарды ачуу процессин баштаган 12 пилоттук мамлекеттик орган аныкталган.

Сөзүнүн аягында өкмөт башчы ачык маалыматтардын ыңгайлуу экотутумун түзүүгө, ачык маалыматтарды колдонуу менен жогорку технологиялык программаларды биргелешип иштеп чыгууга, билим берүү программаларын ишке ашыруу аракеттерин бириктирүүгө активдүү катышууга чакырды.

 

 

 

 

 

 

 

 

Антивирусы Gmail временно недоступны 

– Прикрепленные файлы не проверены на вирусы, поэтому их безопасность не гарантируется.

Copyright © 2017 Maral FM