Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда жүк ташуучулар тынчтык митингин өткөрүштү

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 542 | 0

Балыкчыда жүк ташуучу унаалардын ээлери митинг өткөрдү. Нааразычылык акцияга чогулган 50дөй адам кытай-казак чек арасынан жүк ташып келүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканын билдиришти.

Айдоочулар коомунун мүчөсү Таалайбек Сугатчиев чек арадан товар келбей жатканына эки ай болгонун айтты. Мунун кесепетинен насыя алып оокат кылгандар чыгым тартышууда.

«Түндүк аймактар боюнча чек арадан 2 миңдей адам жүк ташып иштейт. Алардын бул тармакта жүргөнүнө алдына 15-20 жыл, аркасына 5 жылдан ашты. Акыркы мезгилден бери азык-түлүктөн башка товарларды алып келе албай жатабыз. Анткени, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен жүккө төлөнгөн баалар арзан болуп, айрым соодагерлер Хоргос аркылуу өтүп кетишүүдө. Биз кайсы күнү жүк алып өтөбүз деп 10-15 күндөп-түндөп чек арада суу, даараткана, тамак-аштан кыйналып күтүп баштадык«, — деди Таалайбек Сугатчиев.

Ал ошондой эле, өкмөт башчы бул маселени тез арада чечпесе, Ак үйдүн алдына жүк ташуучу унааларды тизип, тынчтык митингине чыга турганын кошумчалады.

Ал эми Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев айдоочулардын талабын чечип берүүгө убада берди.

Эки тараптуу жолугушууда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууга жана кат жолдоого шарт түзүлөрүн айтып, ага чейин нааразычылык акцияны токтотууну өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM