Биз менен байланышыңыз

Азыктарды экспертизадан өткөрүүчү фитосанитардык пункт ачылды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 911 | 0

Бишкектеги “Дыйкан” базарында айыл чарба азыктарын текшерүүчү фитосанитардык көзөмөл пункту ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган базардагы 2017-жылы түзүлгөн “ДордойФуд” логистикалык борбору күнүнө Москва, Новосибирск, Алматы, Караганда, Чымкент, Астана, Тараз жана Түркестан шаарларына 300 тонна жашылча, мөмө-жемиш, кургатылган жемиштерди жиберип келет.

Бул фитосанитардык борбордо дыйкандардын жана сатуучулардын ыңгайлуулугу үчүн азыктарды текшерип, алардан үлгүлөрдү алып, импорт жана экспорт болгон азыктарды лабораториялык экспертизадан өткөрүшөт. Аны менен катар «Бирдиктүү терезе» ыкмасы боюнча фитосанитардык документтерди даярдап жана берүү иштери аткарылат.

Лаборатория ЕАЭБ талабы боюнча курулуп, жалпысынан 3 млн 250 миң сомдук каражат жумшалган.

Copyright © 2017 Maral FM