Биз менен байланышыңыз

Робин Орд-Смит Кыргызстандын бизнес-омбудсмени болуп шайланды

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 635 | 0

Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит Кыргызстандын бизнес-омбудсмени болуп шайланды. Мындай кабарды экономикалык серепчи Азамат Акенеев айтты.

Бирок, буга расмий тастыктама бериле элек. Жакында аталган кызмат орунга талапкер делген Робин Орд-Смит, Сергей Пономарев, Актилек Түнгатаров, Нурлан Мусуралиев жана Нурсулу Ахметова баарлашуудан өткөнү маалым.

Учурда кеңешүү процесстери жүрүп жатат. Эрежеге ылайык, бизнес-омбудсмендин шайланышы үчүн Байкоочу Кеңештин, Өкмөттүн өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр жана бизнес-ассоциация үч тарабы тең шайлоого катышууга тийиш.

«Тараптар акыркы чечимге келише элек. Мындан сырткары, бизнес-омбудсмендин орун басары тууралуу маселе бош турат. Талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандардын бири да шайлоо боюнча комментарий берише элек. Анын үстүнө, бизнес-омбудсменди тандоо процесси да жабык өтүп жатат», — деди Азамат Акенеев.

Биринчи бизнес-акыйкатчылык кимге буйруйт?

Copyright © 2017 Maral FM