Биз менен байланышыңыз

Биринчи бизнес-акыйкатчылык кимге буйруйт?

Экономика | 17 Июн 2019 | 1098 | 0

18-июнда бизнес менен өкмөттүн ортосуна көпүрө боло турган бизнес-омбудсмен шайланат. Ага катышкан 100 талапкердин ичинен эленип отуруп, 5 талапкер калды. Атап айтсак, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, Президенттик Аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметова жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит.

Экономика министрлигинин ишкердикти жөнгө салуу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиеванын айтымында, бул кызматтын эмне иш кылары жана милдеттери буга чейин Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ал эми шайлоо Байкоочу Кеңештин добуш берүүсү менен өтөт. 3 тараптан турган Байкоочу Кеңештен бирдей добушун ала алган адам гана шайланат.

— Бизнес-омбудсменди 3 тараптан турган Байкоочу Кеңеш шайлайт. Өкмөт тараптан Экономика министринин орун басары кирген, андан тышкары, 7 бизнес ассоциациясы кирип, бешөө туруктуу мүчөлүк кылат. Дагы бир добуш Европа өнүктүрүү институтунан. Үчөөнүн бирдей добушун ала алган киши омбудсмен болуп шайланып, жарым жылда бир Байкоочу Кеңешке отчет берип турат. Ал көз карандысыз болуп, ишкерлер менен өкмөттүн ортосунда көпүрө катары ишкерлердин укугун коргойт.

Маалыматка ылайык, Бизнес-акыйкатчы институтун ишке ашырууга 1,5 млн евро бөлүнөт. Каражат толугу менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан каралган, бюджеттен чыгымдалбайт. Мындан улам, «Акчаны ким берсе, ошолордун сөзү өтөт», — дегендер да болууда. «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов: «Өкмөттүк деңгээлде түзүлө турган кызматка келе турган талапкер да чет өлкөнүн кызыкчылыгын коргойт», — деп кооптонот. Анын ою боюнча, бул кызмат жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыгын коргобой эле, чет өлкөнүн сөзүн сүйлөп калышы мүмкүн. Натыйжада, мамлекеттик долбоорлорго да аралашып, доо кетириши ыктымал.

— Чет мамлекеттин долбоору менен ишке ашып жаткандан кийин ошого кызыкдар кишилер өздөрүнө ылайык айлыкты коюп, өздөрүнө ылайык бирөөнү шайлатат. Талапкерлердин ичинде бир дагы юрист жок. Болбосо, омбудсменге эң негизги талап юрист болушу керек эле. Эми ошол 4 киши аларга ылайык болобу, же чет мамлекеттин өкүлүбү? Мамлекетке баш ийбесе, омбудсмен биздин мамлекетти сотко берүүгө укуктуу болот. Ал киши мамлекеттеги бардык бизнес долбоорлорго катышат. Анан «Чет мамлекеттин акчасын алып жаткан киши биздин мамлекеттин таламын талашат», — деп ким кепилдик бере алат?..

Деген менен ишкерлер бул кызматтан үмүт чоң экенин айтышат. Буга чейин талапкерлигин коюп, бирок тандоо турларынан өтпөй калганын айткан ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов кызматтын түзүлүшү эң оболу ишкерлердин өтүнүчү болгонун белгилейт. «Ошондуктан, кызматка келе турган талапкерлер да бул чөйрөнүн адамдары», — деп, буларга токтолду:

— Негизи талапкерлердин баары эле буга чейин бизнес чөйрөсүндөгү маселелерди көтөрүп келген адамдар. Бир гана чет өлкөнүн өкүлү Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит Кыргызстандагы бизнес коомчулугун жакшы билбегендиктен, оорчулук жаралышы ыктымал. Болбосо, башка талапкерлер туура эле тандалган деп эсептейм.

Чыныгы демократия өкүм сүргөн өлкөдө бизнес-омбудсмендин кереги жок экенин мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев айтат. Бул кызматтын концепциясынын долбоордо бекитилгендей ишке ашышы жана ишкерлердин үмүтү акталышы үчүн укук коргоо тармагында, сот системасында да адилеттүүлүк орношу керектигин белгилейт.

— Чыныгы демократия болгон мамлекетте мындай кызматтын кереги деле жок. Бизде бул кызматтын кереги жок деп айта албайм. Бирок анын ишке ашышы үчүн башка тармактарда да адилеттүүлүк орношу керек. Антпесе, бул кызмат жөн эле жасалма кызмат катары кирип, алаксытуу болуп калышы мүмкүн. Качан гана бизнеске, карапайым элге тоскоолдук болбой, кийлигишүү болбой калганда, бул кызмат өзүнүн ишин актай алат.

Эске салсак, бизнес-омбудсменди шайлоо адегенде 13-июнга белгиленип, бирок ШКУнун саммитине байланыштуу 17-июнга жылдырылган. Байкоочу Кеңештин курамына кирген Экономика министринин орун басары иш сапары менен Казакстанда болгондуктан, шайлоо 18-июнга калды.

Copyright © 2017 Maral FM