Биз менен байланышыңыз

Баетов: Бизнес-омбудсменди байкоочу кеңеш дайындайт

Пикирлер | 10 Янв 2019 | 595 | 0

Бизнес-омбудсменди байкоочу кеңеш дайындайт. Байкоочу кеңештин курамына өкмөттүн, эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын жана бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрү кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы ишкерликти жөнгө салуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Айкөл Баетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бизнес-акыйкатчысын каржылоо эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашат. Азырынча мекеменин бюджети так аныктала элек. Бизнес-омбудсмен институту көз карандысыз болуп, ишкерлердин кызыкчылыгын коргойт.

«Бизнес-акыйкатчы жөнүндө Өкмөттүн токтому 2018-жылдын 31-декабрында кабыл алынган. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Документ 16-январдан баштап юридикалык күчкө ээ болот. Байкоочу кеңеш бизнес-акыйкатчылык кызматка өздөрүнүн талапкерлерин сунуштай алат. Омбудсмендин орун басарлары дагы байкоочу кеңеш тарабынан дайындалат», — дейт Баетов.

Маалыматка ылайык, бизнес-акыйкатчы 5 жылга дайындалат да, кызматта эки мөөнөттөн ашык отура албайт. Бул маселелер алдыда дагы каралып, мыйзамга бекитилет.

Баетов байкоочу кеңешти түзүүдө бизнес ассоциациалар активдүү болушу керектигин айтат. Мындан сырткары Бизнес-омбудсмен институтунун иш чаралары өнүшүнү үчүн байкоочу кеңештин курамына өкмөттүн да мүчөсү катышуусу зарыл экенин белгилейт.

«Эл аралык өнөктөш уюмдар бизге көп кийлигишпейт. Эгер өкмөт тарабынан Экономика министрлиги тандалса, анда аталган мекеме ишкердикти өнүктүрүү боюнча саясатын жүргүзөт. Тагыраагы, Экономика министрлиги эч кандай басым, көрсөтмөлөрдү аткарбоого аракет кылат. Учурда бизнес абдан күчтүү. Айрым мамлекеттик органдар тарабынан ишкердикти чектөө болуп жатса, бизнес ассоциациялар ага бөгөт коюп, оюн айта алат», — дейт Баетов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM