Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн Бизнес-Омбудсмени Баткендин прокурору менен жолукту

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 477 | 0

Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар ишкер коомчулугунун укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана бул системанын өркүндөтүлүшү жаатында пикир алышкан.

Абдибакыт Халмурзаев облустук прокуратура өз ыйгарым укуктарынын чегинде ишкерлердин укуктарын коргой турганын айтты. Ал эми Робин Орд-Смиттин тажрыйбасы бизнести коргоонун натыйжалуу механизми боло аларына ишеним билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM