Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчы кызматына киришти

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 622 | 0

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кызматына киришти. Бул тууралуу ал өзү Өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 8-октябрдагы жыйынында билдирди.

Робин Орд-Смит Кыргыз Өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын айтып, жергиликтүү бизнес коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жаранды бизнес-акыйткачы кылып дайындоо — кыргыз экономикасына акча салууну каалаган инвесторлорго ишеним берерин белгиледи.

53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Быйыл 19-июнда Өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрүнөн турган байкоочу кеңеш Робин Орд-Смитти бизнес-акыйкатчы кызматына шайлаган. 15-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны бул кызматка дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон.

Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө 1,5 миллион евро жумшалат. Каражатты Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлөт.

                                                                                                                                  Булак: centralasian.org.

Copyright © 2017 Maral FM