Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчы ишке киришти. Аны кандай көйгөйлөр күтүп турат?

Экономика | 9 Окт 2019 | 976 | 0

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кызматына киришти. Бул тууралуу ал өзү Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 8-октябрдагы жыйынында билдирди. Ошондой эле ал өкмөттүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын маалымдады. 

Бизнес менен өкмөттүн ортосуна көпүрө боло турган бизнес-акыйкатчы кызматына мурдагы Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит шайланган болчу. Премьер-министр бүгүнкү күндө аталган тармак боюнча акыйкатчынын алгачкы кадамы ташталганын кабарлап, эң оболу аймактарга инвестиция алып келген бизнести иштеп баштаганына токтолду.

— Кен тармагына көз карандысыздыкты азайтуу максатында экономиканы диверсификациялоо үчүн чараларды көрүү зарыл. Экономиканы өнүктүрүү темпин, анын ичинде ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну арттыруу абзел. Ири жана стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн вице-премьер-министрлердин деңгээлинде кураторлук аныкталган. Бул чара келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечип, инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатат.

____________________________________________________________________________________________________________________________________

Бизнес-акыйкатчынын байкоочу кеңешине кабыл алуу үчүн талаптар жарыяланды

____________________________________________________________________________________________________________________________________

Бизнес-акыйкатчы кандай кызматты аткарышы керек? Чындап эле аталган кызмат инвестиция тартууга жол ачабы жана Кыргызстандагы ишкерлердин укугун коргойбу? Канчалык деңгээлде коргой алат? Биз бул суроолорго жооп издедик.

Бизнес багытында чече турчу көп маселе бар. Анын бири — аткезчилик

Айыл чарба өнөр жайын өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов акыйкатчы эң башкы ишти ишкерлер үчүн салынган салыкка көңүл буруудан башташы керек экенин айтат. Ошондой эле аткезчилик жол менен кирип жаткан товарларга тыюу салып, текшерүүлөрдү жеңилдетүү зарыл. Муну менен катар, башка жактын бизнемендерин тартууда алдыңкы орунга чыгуунун өлкө үчүн пайдасы жогору экенин белгилейт.

— Бир эле багытта эмес, буга чейин көтөрүлгөн маселелердин жыйындысынын негизинде ар тармактуу иш жүрүшү керек. Менин оюмча, алгач ишкерлерге салынган салыкты караш керек. Экинчиден, аткезчилик жол менен кирип жаткан товарлардын бардыгына тыюу салуу керек. Анткени, легалдуу кирген товар менен аткезчилик аркылуу кирген товардын баасындагы айырма — асман менен жердей. Албетте, легалдуу кирип жаткан товардын ээсинин ишине тоскоолдук болуп көрбөгөндөй эле жаралат да. Кийинки көйгөй ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосунда товарларды текшербей өткөрүү келишиминин аткарылбай жатканы. Ал маселе да каралышы керек. Коррупцияга каршы күрөш жүргүзөбүз деп, финполиция акча толтуруу кадамдарын жасап жатат. Бирок бул аракет башка жактан келе турчу бизнесмендердин ишине тоскоолдук жаратат. Курулуш тармагына иштөөгө лицензия берип, бирок кайра тартып алган жагдайлар абдан көп. Ушул маселелерге токтолушу керек деген ойдомун.

Бизнес-омбудсменге ишеним бар

Ал арада ишкер Руслан Акматбек бизнес-омбудсмен өлкөдөгү ишкерлердин укугун кандайдыр бир деңгээлде коргой аларына ишенет. Антсе да, бардык жүктү акыйкатчыга үйүп салганда маселе чечилбесин, ишти кагаз менен же куру кеп менен бүтүрүүгө болбосун эскертет. Ошондой эле жаңы бизнес-акыйкатчыны борборду эле карап отура бербей, аймактагы ишкерлерге да басым жасоого чакырды. «Анткени, көп учурда айыл жергесиндеги жеке ишкерлер көз жаздымда калып кетет», — дейт Руслан Акматбек.

— Бизнес-акыйкатчы ишин жаңы гана баштап жатпайбы. Менин оюмча, акыйкатчы эң оболу Кыргызстандагы орто жана чакан ишканалардын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн аныктаган сурамжылоо жүргүзүшү керек. Башка мамлекеттерде мындай кадамдар байма-бай жүрүп турат. Бизде бир да жолу өткөн эмес. Бизнесмендердин ишинин чабалдыгы да — ушунда. Бизнес-акыйкатчы Кыргызстандагы ишкерлердин укугун коргойт дегенге ишеним бар. Анткени, өкмөт же президент көнгөн адатынча тыя албайт же көнгөн адатынча баса албайт. Мамлекеттердеги органдар сыяктуу басууга жол жок. Ошон үчүн өсүш байкалат деп ишенебиз.

Ишкер чөйрөнүн көйгөйүн бизнес-акыйкатчы чече албайт

Кыргызстанда көтөрүлүп, бирок жыйынтыгы жетишээрлик деңгээлде болбой келген көйгөйдүн бири — бизнесмендердин укугун коргоо жана мамлекет тарабынан бериле турчу жеңилдик. Мындай пикирди «Kyrgyz Concept» ишканасынын негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үмөталиев билдирди. Экономист бизнес-акыйкатчы жогоруда аталаган көйгөйлөрдү толугу менен чече алат дегенден алыс. Бул сүйлөшүү жүргүзүүчү, талаптарды жеткирип, алардын чечүү жолдорун издей турган кызмат экенин кошумчалады.

— Абсолюттук түрдө эч ким биздин укугубузду коргоп бере албайт. Бизнес-акыйкатчынын катышуусу, анын артында турган эл аралык институттардын бизге бере турган көмөгү — бизнес чөйрөгө чоң жардам жана керек нерсе. Бирок бизнестеги көйгөйдү бул гана чечет дегенден таптакыр алысмын. Бизнес-акыйкатчыны шайлоо менен иш бүтөт дегенди билдирбейт. Анткени, калыптанып калган нерседен чыгуу кыйын. Буга чейин деле 30 жыл аралыгында өнүгүү болуп жатат деп келген. Бирок өтө жай темпте. Бизнес-акыйкатчы ал көйгөйдү чечүүгө болгону кошумча булак боло алат.

Эскерте кетсек, бизнес менен өкмөттүн ортосуна көпүрө боло турган бизнес-акыйкатчы кызматына 100 талапкер ат салышкан. Иргелип отуруп, 5 талапкер калган.  Алардын арасынан Робин Орд Смит шайлоодон жеңип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM