Биз менен байланышыңыз

ЖИА Бизнес акыйкатчы институтунун байкоочу кеңешине туруктуу мүчө болду

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 798 | 0

ЖИА бизнес ассоциациясы Бизнес-акыйкатчы институтунун байкоочу кеңешине туруктуу мүчө катары кирди. Бул тууралуу аталган бирикменин аткаруучу директору Фархад Пакыров «Марал» радиосуна билдирди.

Бизнес акыйкатчы институтунун байкоочу кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнө башка дагы 4 бирикме кирген, алар:

-Кыргызстандагы АКШ соода палатасы (AmCham);

-Базар, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ассоциациясы;

-Эл аралык бизнес кеңеши;

-Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасы.

Мындан башка дагы 5 биримдик жыл сайын ротация болуп туруу шарты менен байкоочу кеңештин курамына кирди.

-Байкоочу кеңеш 3 блоктон турат. Биринчиси өкмөт, экинчиси эл аралык уюмдар, үчүнчүсү бизнес ассоциациялар. Бизнес өкүлдөрү боюнча блокко 7 ассоциация кирген. Анын ичинен беш биримдик туруктуу мүчө болуп эсептелет. Бул институтка туруктуу мүчө болгон ассоциациялар Кыргызстандын аймактарында өкүлчүлүгү болгон, мүчөлөрүнүн саны, алардын төлөгөн салыгына жараша критерийлер бекитилип, ошого жараша тандалды. Биз да бул критерийлер менен тандалып, мүчөлүккө кошулдук. 

Акыйкатчы институтунун Байкоочу кеңеши бизнес омбудсменди шайлоо боюнча иш алып барат. Аны тандоонун талаптарын бекитет. Бизнес акыйкатчысы шайлангандан кийин ал стратегиясы, программасы тууралуу байкоочу кеңешке отчет берет.

Кошумчалай кетсек, Бизнес акыйкатчысы болууга азыр эки талапкер бар. Алар ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов, Базарлар, соода жайлары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев.

Эске салсак, Бизнес акыйкатчы институтун түзүү жөнүндө токтомго 8-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бизнес акыйкатчы институту ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM