Биз менен байланышыңыз

Мадуро: Мени өлтүрүүнү 20 млн долларга баалашкан

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 558 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадурону өлтүрүү 20 миллион долларга бааланган. Бул тууралуу ал аскердик кызматкерлер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«4-августтагы мени өлтүрүүгө болгон аракет 20 миллион долларга бааланган. Уюштуруучуларга каражат чет өлкөдөн келген»,- деди Мадуро.

Николас Мадуро чалгындоо жана коопсуздук кызматкерлерине президентти коргоодо көрсөткөн эрдигин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 4-августунда уюшулган топ тарабынан Мадурого кол салуу болгон. Президентти коргоо учурунда 7 кызматкер жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM