Биз менен байланышыңыз

2018-жылдагы каржы бузуулар 2 миллиард сомдон ашкан

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 477 | 0

2018-жылы Эсептөө палатасы 2425 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмгө 204 аудитордук эсептөө ишин жүргүзгөн. Бул тууралуу палатанын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты.

Анын белгилешинче, аудиттик текшерүүлөр 3 категорияда: каржы бузуулар, мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары, рационалдуу эмес коротуу боюнча каралат.

— Каржы бузуулар 2 млрд 321 млн сомду түздү. Анын 1 млрд 621 млн сому кайра ордуна коюлушу керек болчу. Бул талаптын 90 %ы аткарылды. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 13 млрд 236 млн сом болуп аныкталган. 1 млрд 791 млн сом кайтарылышы керек болсо, анын 55 %ы ордуна коюлду. 800 млн сом рационалдуу эмес пайдаланылып, анын негизинде 80 млн сом кайра ордуна коюлушу керек болгон. Бул талаптын 75 %ы ишке ашты.

Жогоруда айтылган 3 категориянын негизинде жалпы каржы бузуулардан улам, 3 млрд 565 млн сом ордуна коюлушу керек болгон. Анын 2,5 млрд сому кайтарылганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM