Биз менен байланышыңыз

«Мажоритардык шайлоо системасына кайтсак, артка кетебиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июн 2019 | 1043 | 0

Мажоритардык шайлоо системасына кайтсак, парламенттик башкарууга өтө албайбыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мажоритардык шайлоо системасында карапайым жарандар, жаштар парламентке келе албайт. Коомдо партиялык системага каршы чыккандар көп. Бирок өлкө мажоритардык шайлоо системасына кайтса, артка кетет.

«Биз чыныгы парламенттик башкарууда эмеспиз. Парламенттин ролу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Парламент алсыз болсо, парламентаризм болбойт. Депутаттардын саны 35ке түшсө, аларды сатып алуу оңой болот, парламентаризм өнүкпөйт. Парламентке элдин элегинен өткөн адамдар келиши керек. Парламенттик шайлоодогу босого балл 7 % болсо, баарына мүмкүнчүлүк болот. Ал эми 5 % ыдыратып жиберет», — дейт Касымалиева.

Copyright © 2017 Maral FM