Биз менен байланышыңыз

Шайлоо мыйзамдарында кандай өзгөрүүлөр бар?

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июн 2019 | 665 | 0

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорлор топтомуна сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктары кеңейтилди. Бирок «президенттикке талапкердин бирдиктүү салык декларациясы жана жакын туугандарынын мүлкү декларацияда көрсөтүлсүн» деген эреже кирбей калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өзгөртүүлөргө ылайык үгүт иштерин жүргүзүүдө концерт уюштуруу алынып салынды. Шайлоого аттанган талапкер же партия жеке менчик жана мамлекеттик ЖМКлар аркылуу үгүт иштерин жүгүзө алат. Бул жагынан эч кандай чектөө жок.

Шайлоо мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча иш алып барган жумушчу топ Орусиянын тажрыйбасын караган.

Мындан сырткары, парламентте гендердик теңдикке көңүл бурулган.

«Кеткен аял депутаттын ордуна аял келиши керек» деген эреже киргизилди. Дээрлик ар бир жаран: «Парламентке криминал, соттолгондор келүүдө, качан тазаланабыз?» — деген ойду айтат. ЖКда соттуулук маселеси боюнча катуу талаш болду. «Соттуулук саясий мотив менен камалып кеткен саясатчыларга чектөө болуп калат. Ал эми кызматтык кылмыштарга келсек, убагында саясий кысым болуп калган болушу мүмкүн» деген пикирлер айтылып, мурдагы бойдон калтырылды», — дейт Касымалиева.

Ал кошумчалагандай, парламентте баары бир беткей эмес. Кызыктуу саясий процесстер жүрүп жатат. Мындан улам шайлоо мыйзамдары боюнча демилгеленген долбоорлор колдоо таап кетиши мүмкүн.

Касымалиева: Шайлоо мыйзамдарында чукул өзгөрүүлөр жок

Copyright © 2017 Maral FM