Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Шайлоо мыйзамдарында чукул өзгөрүүлөр жок

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июн 2019 | 452 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде шайлоо мыйзамдарында чукул өзгөрүүлөр болбогонун билдирди.

Анын айтымында, «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорлор топтому бардык талкуудан өттү. Анда жаңы эрежелер эмес, техникалык өзгөртүүлөр киргизилди.

Күзүндө чоң талкуулар болот. Андыктан, парламенттик шайлоого чейин шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр кириши мүмкүн. Эл өкүлдөрү 2 жагдайга көңүл бурган. Тагыраагы, майып жарандардын шайлоо укугу кеңейтилген. Мындан сырткары, Ардактуу консулдардын округдарында шайлоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү алынып салынган.

Касымалева мыйзам долбоорлор топтомун бийлик күчтөп өткөрдү дегенден алыс экенин белгиледи.

«Форма №2 добуштарды сатып алуунун жолу болуп калгандыктан, анын шарттарын катаалдаттык. Форма №2 Ош менен Бишкек шаарында гана калтырылды. Бирок мен ага каршымын. Мыйзамдын демилгечилери парламентке келсе, долбоорлору өтүшү мүмкүн. Депутаттар шайлоо эрежелерин өзүнө ыңгайлаштырып алышы ыктымал деген фактор бар. Бирок алар эл койгон талаптардын баарын ачык айтып чыгат», — дейт Касымалиева.

Copyright © 2017 Maral FM