Биз менен байланышыңыз

Казакстандан бензин сатып алуу боюнча келишимге ушул аптада кол коюлат

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 458 | 0

Казакстандан бензинди бажы төлөмүсүз алып келүү боюнча келишимге ушул аптада кол коюлат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кечээ Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда маалымдады.

Анын айтымында, маселе боюнча атайын иштиктүү топ түзүлүп, Нур-Султанга иш сапар менен барып келишкен. Алар азыркыга чейин казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

«Ушул аптада келишимге кол коюлат деп күтүп жатабыз. Биз темир жол менен гана ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз», — дейт Замирбек Аскаров.

Июнь айынын башында Казакстандын Энергетика министринин биринчи орун басары Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды июль айынан тарта берип баштаарын айткан.

Эске сала кетсек, Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май ташуу боюнча сүйлөшүү эки жылдан бери жүргүзүлүп келет. Буга чейин Кыргызстанга мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салынган пункт талаш жаратканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM