Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Жаш дипломаттар ант берди

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 482 | 0

Бүгүн, 18-июнда жаш дипломаттар кызматтык антын беришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Салтанаттуу иш-чара министрликтин жыйындар залында өттү. Анда дипломатиялык кызмат үчүн сыноо мөөнөтүнөн өтүп, кызматка жаңыдан киришип жаткан жаш кызматкерлер  мамлекеттик антын беришип, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун колунан кызматтык күбөлүктөрүн жана ведомстволук төш белгилерин алышты.

Муну менен бирге, ТИМдин Борбордук Аппаратынын, өлкөнүн чет жактардагы мекемелеринин жана ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлерине кезектеги дипломатиялык ранг ыйгарылып, алкыш жарыяланып, ошондой эле, квалификациясын жогорулатуу курстарынын жыйынтыктары боюнча сертификаттар тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM