Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эркин Жолдошалиев депутаттык ишине киришип жатып ант берди.
Ал Абдумажит Юсуровдун ордуна «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болду.
Абдумажит Юсуров өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.
Эске салсак, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.