Биз менен байланышыңыз

АКШда мыйзамсыз жүргөндөр өлкөдөн чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 482 | 0

АКШ кийинки жумадан тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортация кыла баштайт. Бул тууралуу АКШ лидери Дональд Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Трамп мындан сырткары, Мексиканын иммиграция тууралуу мыйзамдары катаалдашканын айтты.

7-июнда Вашингтондо кол коюлган макулдашууга ылайык, Мексика АКШга болгон мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча чараларды көрөт. Ал үчүн Мексика түштүк тараптагы чек арасына Улуттук гвардиянын бөлүмдөрүн жайгаштырат.

Copyright © 2017 Maral FM