Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алтын медаль менен бүткөндөрдүн жолугушуусу болот

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 695 | 0

24-июнда Бишкекте орто мектептерди алтын медаль менен бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн кечеси болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада борбор калаанын мыкты бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылат. Мындай иш-чараны өткөрүү салт катары калыптанып калган. Быйыл өзгөчө үлгүдөгү аттестатты 56 бүтүрүүчү алат.

Белгилей кетсек, аттестат тапшыруу аземин өткөрүү шаардагы бардык мектептерде 24-июнда саат 10го белгиленген.

Быйыл жалпы өлкө боюнча 61 миң окуучу 11-классты аяктап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM