Биз менен байланышыңыз

«Кепилдик фондунун» капиталы 550 млн сомго көбөйөт

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 453 | 0

«Кепилдик фонду» ишканасынын уставдык капиталы 550 млн сомго көбөйөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кепилдик фонду» 2016-жылы 72 млн сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. Учурдагы капиталы 582 млн сомду түзөт.

Компания ишмердүүлүгү учурунда 1 млрд сом суммасына 816 кепилдик берген, бул уставдык капиталды 100 % өздөштүрүүнү шарттаган. Өнөктөш банктар ишкерлерге 3,4 млрд сомдон ашуун насыя беришкен. Анын эсебинен 1 508 жаңы жумуш орду түзүлүп, иштеп жаткан 7021ине колдоо көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM