Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу: Депутаттык комиссия бүгүн да чогулат

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 434 | 0

Алмазбек Атамбаевди эк-президенттик статусунан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму 18-июнда да уланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жыйын 17-июнда да өтүп, анда Алмазбек Атамбаевге бир катар айыптар коюлган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, иштөө мөөнөтү – 7 күн.

Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Copyright © 2017 Maral FM