Биз менен байланышыңыз

Зеленский иш сапары менен Париж жана Берлинге барат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 617 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский иш сапары менен бүгүн Францияга, ал эми эртең, 18-июнда Германияга барат. Бул тууралуу Украинанын президенттик админстрациясы билдирди.

Эки күндүк жолугушуунун негизги темасы Донбасстагы келишпестиктерди жөнгө салуу болору болжолдонууда.

Буга чейин Германия канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшсө, Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен эки жолу кездешкен.

Эске салсак, бул Зеленскийдин Европага жасаган экинчи сапары. Ал алгачкы сапарын Бельгияга жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM