Биз менен байланышыңыз

«Хуавей» компаниясынын кирешеси 30 млрд долларга азаят

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 665 | 0

«Хуавей» компаниясынын бюджети жакынкы 2 жылда 30 миллиард долларга азаят. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Жэнь Чжэнфэй билдирди.

Маалыматка караганда, АКШ бийлиги «Хуавейди» тыюу салынган компаниялардын катарына киргизгенден улам, аталган компаниянын бюджети 2 жылдын ичинде 30 миллиард долларга кыскарары күтүлүүдө.

«Жакынкы 2 жылда өндүрүшүбүздү кыскартабыз. Ошондон улам, бюджетибиз буга чейинки болжолдогондон 30 миллиард долларга аз болушу мүмкүн»,- дейт негиздөөчү Чжэнфэй.

«Хуавей» компаниясы 1987-жылы түзүлгөн. Ал байланыш жабдыктарын өндүрөт.

Америка маалыматка жаралган коркунучтан улам, коопсуздукту сактоо максатында чет өлкөдөн келген байланыш компанияларына чектөө киргизүү жарлыгына кол койгон. Анын негизинде АКШ 17-майда өз өлкөсүндөгү компанияларга «Хуавей» компаниясы менен иш жүргүзүүгө тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM