Биз менен байланышыңыз

Индия: 50 градус ысыкта 70тен ашуун адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 607 | 0

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында бир айдан бери болуп жаткан ысык аптап 70тен ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда абанын температурасы 50,8 градуска жетип, Индиянын тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жакындаган.

Буга чейин Индиядагы аптаптан 36 киши каза тапканы айтылган болчу.

Ошондой эле бүгүн, Индиянын медициналык уюму дарыгерлердин коопсуздугун талап кылып, 24 сааттык нааразычылык акциясын жарыялады. Алардын айтымында, дарыгерлер бир күндө 30-40 миңден ашуун бейтапты кабыл алууга мажбур болушууда.

Copyright © 2017 Maral FM