Биз менен байланышыңыз

Израилдеги тоо кыркасына Трамптын аты берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 553 | 0

Израилдеги Голан тоо кыркасынын бир бөлүгүнө АКШ президенти Дональд Трамптын аты берилди. «Бул израилдиктердин аймакты Сириядан алып бергени үчүн АКШга билдирген ыраазычылыгы болуп саналат», — дешет жергиликтүү басылмалар.

«Рамат-Трамп» деп аталган Голан тоо кыркаларындагы аймактын расмий ачылышы болуп өттү.

Голан бийиктигин Израил Сириядан 1967-жылы 6 күндүк согуштун жүрүшүндө тартып алган. 1981-жылы документтерди мыйзамдаштырган. Аталган бийиктик Израил-Сирия тирешиндеги ээлик кылууга аракеттенген эң маанилүү жер болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп 2019-жылдын 25-мартында «Голан Израилге тийиштүү» деген саясий үгүт баракчасына (прокламация) кол койгон. Ага Араб өлкөлөрү, Орусия жана башка бир топ державалар каршылыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM