Биз менен байланышыңыз

Аравандык багбандар кокон гиласты Кытайга сатышты

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 783 | 0

Оштун Араван районунун багбандары кокон гиласты Кытайга экспорттоп жатат. Бул тууралуу райондун акими Курбанбек Айтибаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, райондун багбан-дыйкандары быйылкы сезондо 35 тоннадай кокон гиласты коңшу өлкөгө сатыкка чыгарышты. Өндүрүлгөн гилас сапатына жараша 1 килограммы 140 сомдон 240 сомго чейин сатылган.

Аким эл өзү өндүргөн мөмө-жемишин ортомчусуз сатуусуна шарт түзүлгөнүн баса белгилейт. Гилас май айынан бери сатылып алынып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM