Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жер алмашуу кандай болгон? Өкмөттүн жообу

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 887 | 0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы: Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Картография жана геодезия боюнча мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагына барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Керки-Дөң суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керки-Дөң суу сактагычынын обьектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керки-Дөң суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен 304,3 гектар, Баткен районундагы Кайрак тилкесинен 74 гектар, Аксы районундагы Дерес тилкесинен 35 гектар жер берилген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге Керки-Дөң суу сактагычы жана Полигон тилкелери жазылган жана кошулган.

Белгилей кетсек, Араван районунун аймагындагы Полигон тилкесинин сызыгы 2001- 2002-жылдагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керки-Дөң суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары, бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош-Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM