Биз менен байланышыңыз

Аида Салянова ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 643 | 0

Экс-башкы прокурор Аида Салянова Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Аида Салянованын жүрөгү аппаратка тартылып, дарыгерлер консилиуму ооруканага жаткыруу зарылдыгын айтышкан.

Мындан улам, ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин «дарыланууга муктаж» деген сунуштамасы менен ооруканага жаткырылды. Учурда экс-башкы прокурор куралдуу күзөттүн кайтаруусунда кардиология борборунда калды.

Анын ооруканада канча убакытка болору азырынча белгисиз экенин Элеонора Сабатарова кошумчалады.

Мурдагы башпрокурор бүгүн Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология борборуна алынып келинген болчу.

Аида Салянова 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде ушул жылдын 3-июнда камакка алынган.

5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Ал эми 12-июнда Бишкек шаардык соту бул маселени карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин негиздүү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM