Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Кулатуу эр таймаш» мелдеши өтүп жатат

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2019 | 624 | 0

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарындагы «Strong» фитнес жана бокс борборунда Улуттук күрөштүн «Кулатуу эр таймаш» түрү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

«Кулатуу эр таймаш MMA» Улуттук күрөшүнүн дүйнөлүк федерциясы жана Кыргыз Республикасынын Муай Тай федерациясы тарабынан уюштурулуп жаткан турнир өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусуна жол бербөө максатында иштелип чыккан «Мен сени сүйөм, өмүр» социалдык долбоорунун алкагында өтүп жатат. Ошондой эле, турнир Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Балдардын коопсуздугун камсыздоо жана чоңдордун балдарды камкордукка алуусу боюнча» атайын иш-чарасын колдоого алат.

Турнир эртең да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM