Биз менен байланышыңыз

«Кара-Булак ECO-RESORT»: Көчмөн доордон калган ыштык мончо бизде эле бар

Без рубрики | 16 Июн 2019 | 14659 | 1

Марал радиосунун «Бизнес клуб» программасы — ийгиликке шыктандыруучу уктуруу. «Бизнес клуб» — жаратмандардын жакшы иштерин жар салат. «Бизнес клубда» биздин күндүн каармандары ийгилик сырларын бөлүшөт. Андыктан, «Бизнес клуб» программасы менен бирге болуңуздар. Программага бул жолу «Кара-Булак ECO-RESORT» эс алуу жайынын кызматкерлери маек куруп, маалымат берип кетишти. 

 

Маалымат үчүн: «Кара-Булак ECO RESORT» эс алуу жайы шаардан 25 км. алыстыкта жайгашкан. Дареги: Арашан айылы, Татыр жайлоосу, Кара-Булак коктусу.

 

Жомоктогудай кооз жер же эс алуу жайдын тарыхы

Эс алуу жайдын негиздөөчүсү: Жумадыл Эгембердиев. Ал алгач ушул жайлоого келип булактан суу ичип, тоолордун койнундагы кооздукту көрүп, эс алуу үчүн эң жакшы жер боло турганын баамдап, курорттук жайга айлантууну туура көргөн. Албетте, алгач бак-дарактарды отургузуп, айлана-чөйрөнү тазалап, андай кийин заман талабына ылайык, аны менен бирге туристтерди тарта тургандай шарттагы курулуштарды баштаган. Ачылганыбызга 6 жыл болду. Эс алуучулардын саны жылдан-жылга артып баратат. Айрыкча, чет өлкөдөн туристтер көп келет.

Конокторду кызыктырган шарттар:

Көчмөн элдин байыркы мончосу — ыштык мончо

   

Бул мончонун тарыхы тээ байыркы көчмөн доорго такалат. Изилдеп көрсөк, коломтого орнотулган таш тепшинин ичине  суу толтуруп, астына от жагып, эт күйбөгөндөй ысыган кезде ичине түшүп жуунушчу экен. Биз да ушул мончонун заманга ылайыкташкан, жыгачтан жасалган түрүн салдык. Сууну жыгач менен ысытабыз. Мындай мончо бизде эле бар. Мунун алкагында, укалоо, бассейн сыяктуу кызматтар да каралган.

Көптөгөн дарттын дабасы — кымыз.

Кымыздын пайдалуулугун билгени, атайын келгендердин саны арбыды. Ошол эле учурда чет өлкөдөн келген туристтер да аябай таң калышып, кызыгуу менен ичип кетишет. Көпчүлүк кардарыбыз — улгайгандар. Негизинен кымыз бүт организмди тазалайт жана кымызда организмге керектүү витаминдер бар. Андыктан, кымызга жыл сайын келгендер көп. Ден соолугу жакшырганын айтышып, ыраазычылыгын билдирип кетип турушат. Мединица кызматкерлеринин иликтөөсүнө таянып айтсак, кандайдыр бир ооруга шыпаа издеп келгендер ар 2 саат сайын ичип турушу керек экен. Ошондуктан кымызды 1 күндө 5 маал  беребиз.

Жана башка…

Булардан тышкары, автоунаа менен сейилдөө, ат менен сейилдөө, бийиктен аркан менен секирүү (тарзанка же банжи-жампинг) сыяктуу кызматтарыбыз, атайын европалык жана улуттук стилдеги жыйындар залыбыз, мультимедиалык техника менен жабдылган дарсканабыз бар.

        

Эс алуу жайга элдин баары ыраазы 

Алгач коңшу өлкөлөрдөн, анан өзүбүздөн келип, эс алып кетишчү, акыркы убактарда Европанын алыскы өлкөлөрүнөн да каттагандар көбөйдү. Көбүнчөсү кымызга келишет.

Эс алуучулардын саны жыл сайын арбып барат. Биз да ошого жараша шарттарыбызды жылдан жылга жакшыртып, кетирген кемчилигибизди оңдоп, акырындап өнүгүп жатабыз десек болот. Жатак бөлмөлөр этно стилинде жасалган, алар 2, 3, 4 орундуу болуп бөлүнөт. Үй-бүлөсү менен келгендер үчүн да жагдайлар каралган. Бир этапта 40 кишиге чейин кабыл алабыз. Эс алуу мөөнөтү — 3 күндөн 10 күнгө чейин.

Кенен маалыматты Бишкекте офисибизден же karabulak.kg сайтынан ала алышат.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Бубукан

    04.11.2019 09:26

    Барып коруш керек экен. Мен билбепмин. Мумкун реклама коп болуш керекго теледен. Уй булоом менен барып неберелеримди атка мингизип жыргап эс алып келсемби деп ниет кылдым. Рахмат ишинер иргелилей берсин. Ден соолукта болгула. Бишкектен Бубукан.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM