Биз менен байланышыңыз

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Айт намазын Арашандан окуду

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 722 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Арашан айылындагы мечитке барып, Орозо айт намазын окуду. Бул тууралуу экс-президенттин маалымат кызматы билдирди.

Андан соң Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы Апрель революциясында курман болгондорду эскерди.

Маркумдарга багыштап куран окулуп, бата кылынды.

Бүгүн, 5-июнда, Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө. Таң эрте майрамдык намазды окуу үчүн Бишкектин эски аянтына 10 миңдеген адам келди. Ал эми Ош шаарындагы борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде 10 миңге чукул адам айт намазын окуганы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM