Биз менен байланышыңыз

Бразилияда 45 миллиондой адам нааразычылыкка чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 461 | 0

Бразилиянын бир катар шаарларында Америка кубогунун алдында киргизилген пенсиялык өзгөрүүлөргө каршы нааразычылыктар орун алды.

Todo Noticias каналынын маалыматына ылайык, нааразычылык акциялары 300гө жакын шаарда болуп өткөн. Ага жалпы 45 миллиондой адам катышты.

Акцияда жөө жүрүш уюштурулуп, жолдор жабылып, коомдук транспорт иштеген жок. Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро жана Фос-ду-Игуасу шаарларында кагылышуулар да болду.

Нааразычылык акциясына чыккандар Сан-Паулуда көп болду. Бул шаарда ошол эле күнү, тагыраагы, 14-июнда Бразилия менен Боливия командаларынын ортосунда футбол беттеши өтүп, Америка кубогу старт алган.

Мындан улам, коомдук танспорт иштебей, шаар тургундары, туристтер бир топ  кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM