Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салган адам күнөөсүн танды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 439 | 0

Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарындагы мечитке кол салууга айыпталып жаткан австралиялык Брентон Таррант күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу анын адвокаты билдиргенин centralasian.org сайты маалымдады.

«New Zealand Herald» гезитинин маалыматына караганда, «Террорчулук» беренеси менен айыпталып жаткан 28 жаштагы Таррант соттук отурумга катаал режимдеги абактан видеобайланыш аркылуу катышты.

51 кишинин өмүрүн алып, 40 адамды жарадар кылган бул теракт боюнча кийинки сот отуруму 2020-жылдын май айына белгиленди.

Эске салсак, ал 15-мартта ал Крайстчёрч шаарындагы мечиттердин биринде ок атып, андан соң экинчи мечитке барып кол салган. Бул аракеттерин Таррант«Фесбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөткөн.

Окуядан кийин Жаңы Зеландия өкмөтү өлкөдө курал-жарак сатып алуу тууралуу мыйзамдар катаалдаштырылганын билдирген. Бийликтин маалыматына караганда, Брентон Таррант кол салууда мыйзамдуу жол менен алынган куралдарды колдонгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM