Биз менен байланышыңыз

Орусиялык түгөйлөр Ысык-Көлдө кыргызча той өткөрдү (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 753 | 0

Бүгүн, 15-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын учуучу шар боюнча белгилүү саякатчысы 69 жаштагы Валентин Ефремов 31 жаштагы Екатерина менен баш кошту. Салтанаттуу иш-чарага райондун акими, маданият кызматкерлери катышып, улуттук каада-салт менен коштолду. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Гүлжамал Асанкадырова билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттын алкагында жубайлар таң эрте Ысык-Көлдүн жээгинен 50 метр бийиктикке шар учуруп, мыйзамдуу түрдө нике күбөлүгүнө кол коюшту. Андан соң ырчылар жар-жар айтып, бата беришти.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев мындай саамалыктардын Ысык-Көлдө өтүүсү туризмге чоң салым кошорун белгиледи.

— Орусиянын жарандарынын көл жээгинен баш кошуу жөрөлгөсүн өткөрүү боюнча мындан бир апта мурда айтылып, макул болгонбуз. Себеби, мындай жарнамалар облустун туристтик деңгээлин көтөрүүгө шарт түзөт. Мисалы, үйлөнүүдө тартылган видеотасманы Орусиянын телеканалдары чагылдырат.

Белгилей кетсек, баш кошкон жубайлар Ысык-Көлдө дагы 10 күндүк саякатын улантат.

Copyright © 2017 Maral FM