Биз менен байланышыңыз

2021-жыл «Кыргызстан менен Индиянын достук жылы» деп жарыяланды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 1395 | 0

Эки өлкөнүн байланыштары — стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын эске алуу менен 2021-жылды «Кыргызстан менен Индиянын достук жана маданият жылы» деп жарыялоо сунушталды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча ЖМК өкүлдөрүнө өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.

Мамлекет башчы ошондой эле, бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп, мындан ары улантууга жакшы шарттарды жарата тургандыгын айтып, Индия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бар болгон дараметти жумшоого даяр экендигин баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге жана делегация мүчөлөрүнө кыргыз-индус мамилелерин чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM