Биз менен байланышыңыз

Нарендра Модинин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча 11 документке кол коюлду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 655 | 0

Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга жасаган расмий визитинин жыйынтыгы боюнча бүгүн, 14-июнда бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу инвестициялык келишим;
  2. Киреше салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн  качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
  3. Тоо кыркалар биологиясы жана медицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Өкмөттөр аралык Меморандум жана Саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу эки министрликтин ортосундагы Меморандум;
  4. Маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;
  5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы  менен Индия Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;
  6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы менен Индия Республикасынын Коопсуздук боюнча Улуттук гвардиясынын ортосундагы жана Кыргыз Республикасынын Аскер институту менен Индия Республикасынын Улуттук коргоо академиясынын ортосундагы, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер тоо-кыркалар мектебинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдар;
  7. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Индия Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;
  8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Индия Республикасынын Соода жана укуктук метеорология боюнча өнөр жай министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
  9. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Индиянын илимий-маалыматтык системасынын  (RIS) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;
  10. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен Индия Республикасынын Багбанчылык жана токой чарба университеттеринин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;
  11. Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларация жана Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Жол картасы;

Copyright © 2017 Maral FM